Токмоктогу жашыруун кампа: 200 миң сомдук мыйзамсыз тамеки табылды

Экономика Загрузка... 10 Июнь 2026 14:40
copyright icon Мамлекеттик салык кызматы

Бишкек, 10.06.26. /Кабар/. Токмокто акциздик маркасы жок тамекилер сакталган кампа аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кампаны текшерүү учурунда ар кандай аталыштагы 1 миң 683 куту тамеки табылган, алардын жалпы баасы 200 миң сомдон ашат.

Аталган факты боюнча рейддик салыктык контролдун актылары түзүлдү. Эми мыйзамга ылайык тиешелүү чаралар көрүлөт.