Унаанын айнегин күңүрттөө акысы убактылуу арзандады

Коом Загрузка... 12 Июнь 2026 19:00
e0eab530bc97fbd29dafc09cbf55cc1c_xl.jpg
copyright icon www

Бишкек, 12.06.26. /Кабар/. Унаанын алдынкы эшиктеринин айнектерин күңүрттөөгө уруксат үчүн төлөм убактылуу төмөндөтүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин токтому чыкты.

Ага ылайык, 15-июндан тартып 15-июлга чейин унаанын алдынкы айнектерин күңүрттөөгө уруксат үчүн төмөндөтүлгөн жыйым белгиленди.

  • жеке жактар үчүн 35 миң сом;
  • юридикалык жактар үчүн 55 миң сом;
  • резидент эместер үчүн (чет өлкөлүктөр) 75 миң сом;

Документте белгиленгендей, уруксат бир жылдык мөөнөткө катталат.

Транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксат үчүн жыйымдын көрсөтүлгөн өлчөмү электромобилдерди кошпогондо, M1 жана M1G категорияларындагы транспорт каражаттарына жайылтылат.

Бул токтом 15-июндан тартып күчүнө кирет.