Унааларды эвакуациялоону бизнеске айландырып алышты - депутат мэрияны сынга алды

Коом Загрузка... 11 Сентябрь 2025 14:00
276633.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 11.09.25. /Кабар/. Унааларды эвакуациялоо бизнеске айланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламент жыйынында билдирди.

Депутат бүгүнкү күндө бул кызмат толук масштабдуу бизнеске айланып кеткенин белгиледи.

"Мен айып пулдарды жогорулатууну сунуштамакмын, бирок эвакуация кылууну токтотуш керек. Келесиң – унааң жок, каякка алып кетишкени белгисиз. Ошол эле учурда эвакуация учурунда автоунаага бир нерсе болуп кетсе, эч ким жоопкерчилик тартпайт.

Дагы бир маселе, мэрия буга бизнес катары карап жатат. Бул эмне деген нерсе? Алар бардык жерде унаа токтотуучу жайларды алып салышты да, эми эвакуациялоо укугун өзүнө алуу аракетинде. Алар мында акча көрүп жатышат. Менин сунушум: эгер автоунаасын уруксатсыз жерге токтотсо же жолду тосуп койсо, анда айып пулду 300 сом эмес, 1000 сом кылалы. Бирок эвакуацияны токтотолу", — деп билдирди ал.

Ошондой эле Бекешев эгер айдоочу туура эмес унаасын токтоткону үчүн үч жолу айып төлөгөн болсо, анда анын унаасы эвакуациялансын деген сунуш айтты.

"Бул сиздер үчүн да үнөмдүү болот. Элди мазактоону токтотуш керек", - дейт ал.

Ал эми ЖКККББнын башчысынын орун басары Эмил Жакыпов шаардагы тыгындын негизги себептеринин бири жол четинде токтоп турган унаалар экенин белгиледи.

"Биз сиздин сунушту колдойбуз. Мыйзамга өзгөртүү киргизебиз", - деди Жакыпов.