Бишкек, 28.10.25. /Кабар/. Жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкек шаарындагы жол белгилеринин абалына жеринин кароо иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Кароо иштери жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу жана жолдордогу тыгындарды азайтуу максатында жүргүздү.
Изилдөө иштеринин жыйынтыгында айдоочуларга багыт берүүчү жол белгилерин орнотуу жана жол сызыктарын чийүү боюнча акт түзүлүп, тиешелүү мекемелерге жазма түрүндө буйруктар берилди.
Башкармалыктын Жол көзөмөлдөө бөлүмү шаардык жол кыймылын коопсуз жана ирээттүү кылуу боюнча чараларды улантып, бардык айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырат.