Жол жабык. Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолуна кар көчкү түштү

Аймак Загрузка... 07 Март 2025 16:25
481246403_948771310764949_909.max-1920x1080.format-webp.webp
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 07.03.25. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолунун 74-чакырым аралыгында кар көчкү түшкөндүгүнө байланыштуу бүгүн, 7-март күнү саат 15:00дөн тартып унаалардын бардык түрүнө чектөө киргизилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, аталган унаа жолдун 85-87 чакырым аралыгына жана Красная-Горка – Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымына чейинки аралыктарында кар көчкү түшүү кооптуулугу жаралып жаткандыктан, тиешелүү мекемелерди күчөтүлгөн режимге өткөрүү максатында Чаткал районунун акиминин №62-б буйругунун негизинде аба ырайы турукташканга чейин чектөө киргизилди.

34-101-чакырымдарында ИИМ кызматкерлери тарабынан атайын посттор уюштурулду.

Кошумча маалымат берилет.