Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган аскердик парад – сүрөт

Коом Загрузка... 08 Май 2025 14:23
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Коргоо министрлиги

Бишкек, 08.05.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкектеги Ала-Тоо аянтында 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу аскердик парад өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Парадды коргоо министринин биринчи орун басары Эрлис Тердикбаев жетектеп, парадды коргоо министри Бактыбек Бекболотов кабыл алды.

Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган бул парад көз карандысыз Кыргызстандын тарыхындагы катышуучулардын саны жана тартылган аскердик техникалардын саны, сапаты боюнча эң ири парад болуп калды. 

Парадга 3 миңге жакын аскер кызматчылары жана 120дан ашык аскердик жана атайын техника, анын ичинде оор бронетехника, артиллериялык жабдуулар, абадан коргонуу каражаттары жана авиация катышты. Техникалык бөлүктө улуттук бюджеттин эсебинен алынган заманбап үлгүдөгү техникалар көрсөтүлдү.
“Ала-Тоо” аянтында биринчи жолу “М2-КМ”, “Тор”, “Печора-2БМ” зениттик-ракеталык комплекстери жана С-300 ПС системасы көрсөтүлдү.

Параддын аба бөлүгүнө Кыргызстан жана Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн, Кант шаарындагы биргелешкен авиабазанын авиациялык күчтөрү тартылды.

Салтанаттуу иш-чарага президент – Куралдуу күчтөрдүн башкы кол башчысы Садыр Жапаров баштаган өлкө жетекчилиги, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери жана аскер кызматчылары, башка күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, Кыргызстанда аккредитацияланган дипломатиялык жана аскердик-дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, ошондой эле шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору күбө болушту.

Аскердик парад бардык борбордук телеканалдар аркылуу түз эфирде көрсөтүлдү.

Бул парад Улуу Ата Мекендик согуштун бардык баатырларын, тыл эмгекчилерин урматтоонун символу катары, алардын эрдигин эскерүү, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн күжүрмөн даярдыгын, машыгуу деңгээлин жана Мекенди коргоого болгон жогорку даярдыгын көрсөтүүчү маанилүү окуялардын бири болду.