Бишкек, 15.10.26. /Кабар/. Кыргызстан жана Россиянын коргоо министрлери Руслан Мукамбетов менен Андрей Белоусов эки өлкөнүн 2027-жылга карата аскердик кызматташтык планын бекитишти.
Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушуу КМШга мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлер кеңешинин жыйынынын алкагында өттү. Анда аскерлердин күжүрмөн даярдыгы, аскердик билим берүү, аскер кызматкерлерин даярдоо, тажрыйба алмашуу жана аскердик-техникалык кызматташтык маселелери талкууланды.
Руслан Мукамбетов Россия тарапка Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн күжүрмөн даярдыгын чыңдоого, аскердик кадрларды даярдоого көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле кыргызстандык аскер кызматкерлерин "Центр-2026" стратегиялык командалык-штабдык машыгууларына катышууга чакырганы үчүн Андрей Белоусовго ыраазычылык айтты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн аскердик кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенин ырасташты.