Бишкек, 29.10.26. /Кабар/. Коргоо министри Руслан Мукамбетов 28-октябрда өлкөнүн түндүк аймагында жайгашкан Куралдуу күчтөрдүн аскер бөлүктөрүн жана мекемелерин кыдырууну баштады.
Ведомстводон билдиришкендей, министр ведомствонун комиссиясы менен биргеликте аскер бөлүктөрүндөгү абалды текшерип жатат.
Иш сапардын жүрүшүндө аскер бөлүктөрүнүн күнүмдүк ишмердүүлүгү, күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгы, аскер кызматкерлеринин даярдык деңгээли, аскердик тартип, кызмат өтөө жана өздүк курамдын жашоо шарттары бааланууда.
Ошондой эле аскердик инфраструктуранын абалына көңүл бурулууда.