Курск шаарындагы салгылашты тарыхчылар 1943-жылдагы стратегиялык багыттагы жайкы-күзгү кампаниясы катары карап, 5-июлдан 23-июлга чейинки Курск шаарындагы стратегиялык коргонуучу операция, 12-июлдан 18-августка чейинки аралыкты кучагына алган Орлов операциясы, анан барып 3-августтан 23-август ичиндеги Белгород-Харьков операциясы деп үчкө бөлүп белгилешет. Советтик аймактарды ээлеп алуудагы Курск аймагында орун алган бул иш-аракетти германдык куралдуу күчтөрү “Цитадель” деп аташкан.
Генерал-полковник Олег Александрович Лосик танкалык армиялардын колдонушун жана так сандарын мындайча эскерген: «Согуш тарыхында бир да жолу мынчалык айыгышкан кармаш, деги эле танкалардын салгылашка түшкөнү болгон эмес. Эки тараптан тең 13 миң танка жана артиллериялык курал катышты. Биз тараптан контрчабуулда өтө көп сандаган танкалар кармашка кирди. Фронттун курамында 5 танкалык армия, 14 танкалык бригада жана полктор, 5миңдей танкалык жана артиллериялык жабдыктар менен камсыздалган. Бул деген, Москваны коргоого алууда катышкан танкалардын санынан 7 эсеге, ал эми Сталинграддагы салгылаштан 5 эсеге көптүк кылат дегенди түшүндүрөт»,-деген.

Германдык командачылык Курскта жайгашкан Борбордук жана Воронеж фронтторду курчоого алып, таш-талканын чыгаруу максатын көздөдү. Кокус, германдык бийлик бул кармашта ийгиликке жетсе, стратегиялык жактан бир топ мааниге ээ болмок. Душмандар алдын ала коюлган максатын ишке ашыруу үчүн аябагандай күчтүү сокку урабыз деп 900 миң жоокер, 10 миң артиллериялык курал жана миномётторду, 2050 учак, 2700 танканы майдан талаасына киргизишти. Айрыкча, душмандар “Тигр” жана “Пантера” деп аталган жаңы үлгүдөгү танкаларына, абадан сокку уруу үчүн “Фердинанд", "Фокке-Вульф-190-А" жана "Хейнкель-129" деген аталыштагы учактарды колдонууну туура көрүштү. Германдык куралдуу күчтөрдүн генералы Фридрих Вильгельм фон Меллентин: “Бул операция тарыхтагы эң ири танкалык кармаш болуп болуп кала бермекчи” – деп эскерген.

Советтик аскер кол башчы, маршал Александр Михайлович Василевский: 1943-жылдын стратегиялык планын иштеп чыгууда: Биздин куралдуу күчтөрүбүздүн чабуулунда 1943-жылдын кыш айларында душмандардын 100 дивизиясы талкаланган. 1942-жылы июль айынан 1943-жылдын июнь айына чейин Германия 1миллион 135 миңдей адамынан айрылган” – деп баяндаган.
1943-жылдын 12-июлу. Курсктагы кандуу кагылыштын башталышы. Кармашта эки тараптан тең бирдей 1200дөн танка катышты. Мында, советтик аскерлер жеңишке жетти. Фашисттер бир күндө 400 танкасынан айрылышты. Аргасы калбаган душмандар баштап алган чабуулунун аягына чыкпай, аны токтотууну эп көрдү.
Кулакты тундуруп, күрсүлдөк добуш жерди солк эткизип, жүрөктүн үшүн алды. 1943-жылдын 5-июлунан 23-августуна чейинки аралыкты камтыган Курсктагы салгылашта аёосуз күрөш жүрдү. Советтик командачылык – башта сокку уруу үчүн коргонууну чыңдап, андан кийин чабуулга кирүүнү максат кылды. Бири-бирине каршы келишкен эки тарап, кырчылдашып кармашты. Танкалар жерди майыштырып, чымындай жандар чыркырады. Жер солкулдап, айыгышкан кармаш башталды. Бул кармаш катаал мүнөзгө ээ болду. Кимди ким көрдү, айтор, айланада адам өлүктөрү тоодой үйүлүп, көрүп турган жан өңбү же түш экенин айырмалай албай жатышты. Душмандын жаңы үлгүдөгү танкаларына туруштук берүү, алардын мизин майтарып чабуулуна каршы сокку уруу, албетте, оңойго турган жок. Советтик эр жүрөк жоокерлер баскынчылардын алда канча күчтүү экенине карабастан жан аябай күрөшүп, чабуулуна каршы туруп жатты. Ошентип, душман чабуулунун мизи кайтты.

Советтик жоокерлер эрдик жасап, душманды оолак кубалады. Жеңилүүнүн ызасы, миң сандаган адамдары менен кошо аскер техникаларынан ажыраган фашисттер алсырай түштү. “Кутузов” деп аталган планда Орловдогу немистик армияны талкалап, плацдармды ээлөөгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. “Полководец Румянцев” деп аталган планда советтик куралдуу күчтөрү Белгород-Харьковдогу немистик топтор бүлгүнгө учурап, эң маанилүү делген плацдармга ээ болушту. Советтик аскерлер Борбордук фронтто Воронежден 35 чакырым узакта, Прохоровка деп аталган аймакта тишине дейре куралданышкан душмандар менен согушуп, Экинчи Дүйнөлүк согуштагы эң ири окуяда, гитлердик “Цитадель” деп аталган операцияны күм-жам кылышты.
5-август күнү советтик аскерлер Орел жана Белгород шаарларын душмандардан кайтарып алышты. Ошол эле күнү кеч курун Москвада жеңиштин урматына деп асманга салюттар атылып, салтанатка бөлөндү. Мына ушундан тартып артиллериялык салюттар советтик куралдуу күчтөрдүн ар бир жеңиши сайын асманга атылып, белгилене баштады.
23-августта Харьковду душмандан бошотушту. Ошентип Курсктагы салгылаш деп аталган тарыхтагы кандуу кагылыш аталган окуя соңуна чыкты. Андагы салгылашта душмандын 30 дивизиясынын таш-талканы чыкты. Фашисттик бийлик бул кармашта 500 миң адамынан, 1500 танкасынан, 3 миң артиллериялык куралынан жана 3700 учагынан айрылды.

Ал эми буга дейре согуш башталган алгачкы жылы Москваны коргоп, душманды аркта кайтарган Кыргызстан менен Казакстандагы жоокерлерден куралган генерал Панфиловдун дивизиясындагылар, бул салгылашта да эр жүрөктөрчө күрөшүштү. 1943-жылдын 17-августунда Степное фронту Харьковго жакындайт. Манагаров, полковник Серюгин жана полковник Васильевдер кашык каныбыз калгыча согушабыз деп бийик дөңсөөдө турушкан. Бул көрүнүштү кийин маршал Жуков: «Айыгышкан кармаш Полевой районунда орун алды. 299чу аткычтар дивизияда 7 адамы менен калган ага лейтенант, командир Петрищев Василий Петрович жолдошторуна карап: — Жолдоштор, ушул бийиктикте биз Панфиловчулар Дубосеководо кандай турушса, так ошондой турабыз. Өлөбүз, бирок, артка кайтпайбыз!” – деген.
Ошентип, алар артка чегинишкен жок. Таяныч пунктубузду коргошуп, дивизиялар келгичекти баатырларча салгылашты. Президиумдун буйругу менен Петрищевге, Женченкого, Поликановго жана сержант Бреусовго Советтер Союзунун Баатыры наамы, ал эми калгандарына орден-медалдар ыйгарылды” – деп эскерген.

Сталинграддагы салгылашта Кызыл Армия коргонуудан стратегиялык чабуулга өтүүдө зор роль ойносо, Ленинград блокадасын алууда, Түндүк Кавказда жана Дондо жеңиштерге жетишти. Тактап айтканда, 1942-жылдын ноябрь айынан тартып 1943-жылдын декабрь айына дейре советтик командачылык майдан талаасында душмандарга сокку урууга жана аларды жеңүүдө толук көзөмөл жүргүзө алды. Курсктагы салгылаш – Украинанын сол жээгинен тартып Киев шаарын бошотууга алып келди. Салгылаштан жеңилген германдык бийлик эми мындан ары батынып чабуул жүргүзө алышпады. Жыйынтыктап айтканда, Курск шаарындагы согушта Германиянын тарапташы Муссолинини бийликтен кулатып, Италиянын согуш талаасынан чыгышына алып келди. Советтик өлкө кара ниеттерге каршы айыгышкан күрөш жүргүзүүдө каармандыкты көрсөтүп, дүйнөлүк аренада чоң аброй топтоду. Майдан талаасында алдыга жылып, жеңиш биздики деген үмүт, ишеним канат байлады.
Курск аймагындагы согуштан советтик жоокерлерден жалпы эсеп менен алганда — 254 470 адам курман болуп, дайынсыз жоголушкан. Оор жарадар болуп майыпка айлангандары – 608 833кө жеткен. Ал эми германдык баскынчылар өзүлөрүнөн 103 600 адам өлгөн жана дайынсыз жоголгон десе, советтик маалымат боюнча фашисттерден 500 миңдей адамы өлгөн деп айтып чыгышкан. Кыскасы, так сандарын чыгарууда талаштарды жараткан Курск кагылышында жүз миңдеген советтик жоокерлер баскынчылар менен күрөшүп жатып шейит кетти. Салгылаш аяктаган соң, деги эле согуш аяктагыча жер үстүнөн немистик баскынчыларды тазалоо иштеринде стратегиялык демилгелер толугу менен Кызыл Армия тарапка өттү. Ошол себептен улам 23-август күнүн советтик бийлик фашисттик армияны талкалап, жеңишке жеткени үчүн Курск, Белгород жана Орёл шаарларын “Баатыр шаарлар” деп атады. Курск шаарында согушта көрсөткөн каармандыгы жана баатырдыгы үчүн советтик 100 миң жоокер орден жана медалдар менен сыйланышты. 2 миллион адам, 6 миң танка, 4 миң учак катышкан бул салгылашта Улуу Ата Мекендик согушта баскынчылардын тамыры кыркылды.