Улуу Жеңишке 80 жыл. Бишкекте Дима Билан жана башка эстрада жылдыздарынын катышуусунда чоң концерт өтөт

Улуу Жеңишке 80 жыл Загрузка... 06 Май 2025 13:03
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Бишкек 06.05.25 /Кабар/. 9-майда Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган майрамдык чоң концерт өтөт. Концерт саат 17:00дө башталып 22:00гө чейин уланат.

Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, концерттик программага кыргыз эстрада жылдыздары, ошондой эле россиялык Radio Tapok, Amirchik, Тима Акимов, Татьяна Куртукова сыяктуу белгилүү артисттер жана Россиянын эмгек сиңирген артисти Дима Билан катышат.

Концерт учурунда Улуу Ата Мекендик согуштун видеохроникасы көрсөтүлүп, бул күндүн тарыхый мааниси жана эркиндик үчүн күрөшкөн элдердин эрдиги баса белгиленет.

Концерт министрлер кабинети, Бишкек шаарынын мэриясы, “Жеңиш 9/45” патриоттук кыймылы жана “Евразия” автономдуу коммерциялык эмес уюмунун (АНО) колдоосу менен уюштурулууда.

“9-Май — бул жөн гана календардагы бир күн эмес. Бул — Советтер Союзу бириктирген улуттар аралык биримдиктин жана элдер арасындагы сыймыктануунун күнү. Кыргыз жергесинде Улуу Жеңиш күнүн майрамдоо салты сакталып калганы өзгөчө кубандырат”, — деди “Жеңиш 9/45” кыймылынын уюштуруу комитетинин төрагасы Борис Чернышов.

Интерактивдүү зоналар жана дроншоу

Саат 12:00дөн баштап Ала-Тоо аянтында кыргыз жана орус элдеринин эрдигине арналган атайын интерактивдүү аянтчалар иштеп баштайт. Келген коноктор төмөнкүлөрдү көрө алышат:

-согуштагы курал-жарактар, форма жана аскердик жабдуулардын көргөзмөсү;

-согуш мезгилиндеги турмуш-тиричилик буюмдары жана бош убакытты өткөрүү шарттары;

-тематикалык атайын инсталляциялар;

Иш-чаранын соңунда Ала-Тоо аянтынын үстүнөн дрондордун шоусу көрсөтүлөт — миңдеген жарыктар асманды кооздоп, бул улуу күндү эскерүүнүн жана ыраазычылык доорунун символуна айланат.

Жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет

8-9-майда күндөрү алдыда боло турган иш-чаралардын даярдыгына жана өткөрүлүшүнө карата төмөнкү көчөлөрдө убактылуу жол кыймылы токтотулат:

Ибраимов көчөсү (Жибек Жолу көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин);

Шопоков көчөсү (Жибек Жолу көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин);

Чүй проспектиси (Курманжан Датка көчөсүнөн Турусбеков көчөсүнө чейин).

Бишкек шаарынын мэриясы, “Жеңиш 9/45” патриоттук кыймылы жана “Евразия” АНО уюму жалпы шаар тургундарын жана анын конокторун майрамдык иш-чараларга активдүү катышууга чакырат.