Улуу-Памирде Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгы белгиленди

Коом Загрузка... 21 Июль 2026 12:30
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 21.07.26 /Кабар/. Түркиянын Ван облусунун Улуу-Памир айылында Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган XII маданий фестиваль болуп өттү.

ТИМден билдиришкендей, иш-чарага Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев, Түркиянын бийлик өкүлдөрү, депутаттары, этникалык кыргыздар, ошондой эле Кыргызстан менен Түркиянын маданият жана илим чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышты.

Катышуучулар өз сөздөрүндө тарыхый, маданий жана руханий жалпылыктарга негизделген кыргыз-түрк мамилелеринин өзгөчө маанисин, ошондой эле Улуу-Памирде жашаган этникалык кыргыздардын улуттук каада-салттарды, эне тилди жана маданий өзгөчөлүктү сактоодогу ролун белгилешти.

Руслан Казакбаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жана кыргыз элинин атынан фестивалдын катышуучуларын Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгы менен куттуктап, өлкөнүн эгемендүүлүк жылдарындагы жетишкендиктерине жана “Жаңы Кыргызстан” багытынын алкагында ишке ашырылып жаткан саясий, экономикалык жана инфраструктуралык реформаларга токтолду.

Фестивалдын алкагында Кыргызстандан келген чыгармачыл жамааттардын концерттик программасы, улуттук музыка жана бийлер, көк бөрү баштаган ат оюндары, ошондой эле элдик кол өнөрчүлүк менен улуттук ашкананын көргөзмөсү уюштурулду.