Улуу Британияга сезондук жумуштарга каттоо башталат: Кимдер жана качан каттала алат?

Коом 147 14 Август 2026 10:45
klubnika.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 13.08.26. /Кабар/. Улуу Британияда 2027-жылга сезондук айыл чарба жумуштарына кыргызстандыктарды онлайн каттоо 17-август саат 12:00дө башталып, 20-август саат 23:59да Бишкек убактысы боюнча аяктайт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, каттоо британиялык HOPS Labour Solutions Ltd оператору менен кызматташтыктын алкагында жүргүзүлөт.

Каттоонун башталганы тууралуу маалымат жана ага өтүүчү шилтеме каттоо күнү чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борборунун расмий баракчаларында жарыяланат:

Instagram — @info.migrant.kg (Stories бөлүмүндө); Facebook — info.migrant.kg.

Онлайн каттоодон өтүү үчүн алдын ала даярдоо керек:

  • Кыргыз Республикасынын жарактуу чет элдик паспорту;
  • Gmail электрондук почтасы. Электрондук даректе талапкердин аты-жөнү чет элдик паспорттогу маалыматтарга ылайык көрсөтүлүшү керек.

Маанилүү: онлайн каттоо талапкердин кызыкдар экенин гана ырастайт жана кийинки тандоо этаптарына катышууга кепилдик бербейт.

Онлайн каттоонун жыйынтыгы боюнча HOPS Labour Solutions Ltd талапкерлерди алдын ала тандап алат. Онлайн-тестирлөөнүн экинчи этабына өтүүчү шилтеме тандоодон өткөн талапкерлерге гана жөнөтүлөт.

Талапкерлерге каттоодо көрсөтүлгөн электрондук почтасын, анын ичинде "Спам" папкасын үзгүлтүксүз текшерип туруу сунушталат. Анткени мындан кийинки маалыматтар электрондук почта аркылуу гана жөнөтүлөт.

Талапкерлерге коюлган талаптар:

  • 18 жаштан жогору болуу;
  • орус тилин жакшы билүү;
  • физикалык жана психологиялык абалы канааттандырарлык болуу.

Иштөө шарттары:

  • айлык акы — саатына 12,71 фунт стерлинг;
  • кепилденген минималдуу жумуш убактысы — жумасына 32 саат;
  • визанын баасы — 340 фунт стерлинг (2027-жылдын апрелинен тарта кымбатташы мүмкүн);
  • авиабилеттердин баасы валюта курсуна жана билетти сатып алуу убактысына жараша болот.