Бишкек, 17.09.25. /Кабар/. Улуу Британия өкмөтү тарабынан жалпы 45 миң квота берилсе, аны алууда биринчи орунда Кыргызстан турат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу борборунун директору Бакыт Кудайбердиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, сезондук жумуштарга иштөө үчүн Англияга кетүүнү каалаган жарандардын саны жыл сайын өсүүдө.
“Мисалы, 2022-жылы биринчи жолу Англияга жарандарды жөнөткөндө Кыргызстанга миң квота берилген. Бирок, ошол жылы 1 миң 500 адам иштеп келген. 2023-жылы 5 миң 200, 2024-жылы 10 миңге жакын адам иштеп келди. Ал эми ушул жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча бүгүнкү күндө 8 миң 200 адам катталып, Англияда иштеп жүрүшөт. Быйылкы жылдын эсеби менен 12 миңге чыгат деп болжолдонууда. Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу борбору учурда дүйнөнүн 7 өлкөсүнө жарандарыбызды жумушка орноштуруп, иштөө үчүн жөнөтөбүз. Алардын ичинен Англияга сезондук айыл чарба жумуштарына көп жарандарыбыз барып иштеп келишүүдө”,- деди Кудайбердиев.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу борбор бүгүнкү күндө 3 чоң функцияны аткараарын борбордун директору өз сөзүндө маалымдады.
“Биринчиден жарандарды ишке орноштуруу, экинчиси жеке жарандарды ишке орноштурган жеке менчик агенттиктерге уруксат кагазын берүү, ал эми үчүнчүсү “Жүк-200” боюнча функцияларды аткаруу. Бүгүнкү күндө эң актуалдуу суроо “кара тизме” боюнча болууда. Жарандар бул маселеге байланыштуу суроолорду берип, кеңештерди алууда. Россияда 10-сентябрдан тартып, миграция байланыштуу ички мыйзамдары күчүнө киргендиктен, депортация маселеси да курчуп жатат. Ошого байланыштуу акыркы 3 айдын ичинде Бишкек, Оштогу борборго келгендердин саны көбөйүүдө”,- деди Бакыт Кудайбердиев.
Белгилей кетсек, өлкөнүн түштүк аймактарындагы жарандарыбыз үчүн Ошто борбордун жаңы филиалы кеңейтилип ачылмакчы.
“Эгер Оштогу филиалыбызды кеңейтип ачсак, Бишкектен эле эмес ал жактан да жумушка тандоолор жүрүп, бир топ жеңилдиктер болмокчу. 18-декабрь – Мигранттардын эл аралык күнүнө карата имаратты ачууну пландап жатабыз. Ош шаарынын мэриясы тарабынан Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу борборуна 400 чарчы метр имарат берилген. Түштүк аймактан миграцияга кеткен жарандар көп болгондуктан, аларга шарт түзүү, жеринде маалымат берүү үчүн имаратты чонойтуу максатында жакында Ош шаарына барып келдик”,- деди ал.