Улуу Британияда mpox вирусунун жаңы кооптуу түрү аныкталды

Дүйнө Загрузка... 09 Декабрь 2025 10:01
WhatsApp Image 2025-12-09 at 08.00.28.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 09.12.25 /Кабар/. Улуу Британиянын Саламаттык сактоо коопсуздугу боюнча агенттиги (UKHSA) Англияда mpox (мурунку аталышы — monkeypox) вирусунун жаңы штаммы табылганын билдирди. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, инфекция жакында эле Азиядан кайтып келген адамдан аныкталган. UKHSA жүргүзгөн геномдук изилдөөлөр бул жаңы штаммда mpox вирусунун эки түрүнө тиешелүү элементтер бар экенин көрсөткөн. Бул вирустун ар башка штаммдарынан генетикалык материалдарды камтыган рекомбинанттык форма экени белгилүү болду.

UKHSAнын өкүлү, доктор Кэти Синка вирустардагы өзгөрүү — табигый процесс экенин белгилеп, бул талдоо вирустун келечекте кандайча өнүгөрүн түшүнүүгө жардам берерин айтты.

Ал вирус адатта жеңил өтөрүн, бирок кээ бир учурларда оор абалга алып келиши мүмкүн экенин эскертти. Эмдөө болсо оорудан жана анын татаалдашынан коргоонун эң натыйжалуу жолу бойдон калууда.

Mpoxтун негизги белгилери:

- Тери бүдүрлөрү, жаралар, ыйлаакчалар;

- Ысытма, баш оору, булчуң жана бел оорушу;

- Бүдүрлөр оорунун алгачкы күндөрүндө пайда болушу мүмкүн.

Жугуу жолдору:

- Вирус жабыркаган териге түз тийүү аркылуу;

- Тыгыз физикалык байланыш аркылуу.