Дүйнөлүк рынок: Мунайдын баасы төмөндөдү

Дүйнө
Дүйнөлүк рынок: Мунайдын баасы төмөндөдү
copyright icon www

Бишкек, 26.10.26. /Кабар/. Дүйшөмбү күнү эртең менен дүйнөлүк мунайдын баасы төмөндөдү. Бул тууралуу Kazinform кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 26-октябрдын таңына карата Brent маркасындагы мунайдын баасы 1,81 пайызга төмөндөп, баррели 114,61 долларды түздү.

АКШнын WTI мунайы 2,07 пайызга арзандап, баррели 101,13 доллар болду.

Ошол эле учурда Орусиянын Urals мунайынын баасы 4,61 пайызга өсүп, баррели 106,24 долларга жетти.

Өткөн аптанын соңунда мунайдын баасы Сауд Арабиясына хуситтердин кол салуусунан кийин мунай жеткирүүдө үзгүлтүккө учурашы мүмкүн деген кооптонуулардан улам өскөн.