Күчү 7 баллга жетти: Японияда жер титиреди

Дүйнө
Күчү 7 баллга жетти: Японияда жер титиреди
copyright icon www

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 26.10.26. /Кабар/. Токионун түштүгүндөгү Огасавара аралдарында 7 баллдык жер титирөө болду. Бул тууралуу Синьхуа Япониянын метеорологиялык агенттигине шилтеме берип жазды.

Маалыматка ылайык, жер титирөө Огасавара аралдарынын батышында болгон. Жер титирөөнүн очогу болжол менен 470 чакырым тереңдикте жайгашкан.

Зилзаладан улам цунами коркунучу болгон эмес.