Бишкек, 26.10.26. /Кабар/. Германиянын түндүгүндөгү Арендзе көлүнүн 20 метр тереңдигинен 10,5 миң жылга чейинки жыгач буюмдар табылды. Бул тууралуу Euronews басылмасы жазды.
Археологдор бул табылгалар таш доорундагы адамдардын жашоосу тууралуу түшүнүктөрдү өзгөртүшү мүмкүн деп эсептешет.
Саксония-Анхальт аймагынын археологдору узундугу 1,6 метрге жакын иштетилген жыгач мамыны жана 1,3 метрге чейинки жыгач тактайларды табышкан. Алар мезолит дооруна таандык. Адистердин болжолунда, буюмдар байыркы адамдардын турак жайларынын же башка курулуштардын бөлүктөрү болушу мүмкүн. Бирок алардын так кандай максатта колдонулганы азырынча белгисиз.

Изилдөөчүлөрдүн айтымында, табылгалардын жакшы сакталышына көлдүн түбүндөгү геологиялык процесстер себеп болгон. Байыркы буюмдар ылай катмарынын астында калып, бузулуудан сакталган. Археологдор көлдү суу алдындагы робот жана жогорку тактыктагы сонардык жабдуулар менен изилдөөнү улантууда.
Эске салсак, буга чейин Ысык-Көлдүн түбүнөн да орто кылымдарга таандык суу алдында калган конуштун издери табылган. Изилдөөчүлөр кирпичтен курулган имараттардын калдыктарын, мештерди жана карапа буюмдарын аныкташкан.