Бишкек, 05.09.26. /Кабар/. Кыргыз-герман шкердик кеңеши эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнүн ортосундагы түз диалог, практикалык чечимдерди иштеп чыгуу жана келечектүү долбоорлорду колдоо үчүн натыйжалуу аянтча бойдон калышы керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Касымалиев Кыргыз-герман ишкердик кеңешинин 6-отурумунда билдирди.
Министрлер кабинетинин төрагасы ишкердик кеңешинин катышуучуларын жылуу тосуп алып, Кыргызстан менен Германиянын ортосунда өз ара урматтоого жана ишенимге негизделген көп жылдык достук мамилелер бар экенин белгиледи.
"Германия өнөр жай, машина куруу, энергетика, «жашыл» технологиялар, санариптештирүү, ошондой эле кесиптик билим берүү жана кадрларды даярдоо тармактарында дүйнөлүк лидер болуп саналат. Германиянын тажрыйбасы жана технологиялары Кыргызстан үчүн чоң кызыгууну жаратат. Ушуга байланыштуу, бүгүнкү жолугушуунун негизги темалары катары төмөнкүлөр аныкталды: чакан жана орто бизнести өнүктүрүү жана колдоо; Ысык-Көл облусунда кышкы туризмди туруктуу өнүктүрүү; ошондой эле стартап-экосистеманы жана IT-секторду өнүктүрүү жана колдоо", — деди ал.
Адылбек Касымалиев жыйындын катышуучуларына республиканын негизги оң жыйынтыктары тууралуу маалымат берип, кызматташуунун бир катар артыкчылыктуу багыттарын белгиледи.
Атап айтканда, эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы түз байланыштарды кеңейтүүгө, биргелешкен бизнес-миссияларды уюштурууга, тажрыйба алмашууга жана кыргыз продукциясын Германиянын рыногуна чыгарууга кызыгуу билдирилди. Ошол эле учурда, кыргыз тарап негизинен чийки затты экспорттоодон өндүрүштү, кайра иштетүүнү, таңгактоону, логистиканы жана экспортту камтыган заманбап кошумча нарк чынжырын түзүүгө өтүүгө кызыкдар.
2026-жылдын июнь айына карата үч ата мекендик ишкана Европа рыногуна экспорттоо укугуна ээ болду.
Министрлер кабинетинин төрагасы туризмди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын кошумчалады. Учурда өлкөдө туризм тармагын түп-тамырынан бери өзгөртүүгө жөндөмдүү бир катар ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда. Өлкөнүн барган сайын жагымдуулугу артып жатканынын айкын далили катары Ысык-Көлдө дүйнөлүк кайыктар жарышынын этабы болгон "Формула-1" (F1H2O) Гран-присинин, ошондой эле 100дөн ашык өлкөдөн 3000ге жакын спортчу катышкан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өткөрүлүшүн айтууга болот.
"Ошондой эле быйыл июнь айында Кыргызстан Европа биримдигинин авиациялык коопсуздук боюнча «кара тизмесинен» чыгарылганын белгилегим келет. Учурда биз Европага, анын ичинде биринчи кезекте Германияга түз каттамдарды ачуу маселесин карап жатабыз", — деди ал.
Дагы бир келечектүү багыт — бул стартап экосистемасын жана IT тармагын өнүктүрүү. Бул жаатта Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууну жана 2027-жылы стартаптардын пилоттук тобун ишке киргизүү максатында биргелешкен жумушчу топту түзүүнү сунуштады. Мында эң мыкты чечимдерди кийинчерээк Кыргызстандагы ишканаларда ишке ашыруу жана аларды Борбор Азия базарларына жайылтуу каралат.
Кыргызстан-Германия ишкердик кеңешинин теңтөрагасы жана Бавария жана Тюрингия федералдык жерлери боюнча Кыргызстандын Ардактуу башкы консулу Райнхольд Крэммель меймандостук жана жылуу тосуп алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Кыргызстандын эл аралык аренадагы өсүп жаткан ролун белгилеп, европалык өнөктөштөр менен кызматташууну андан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Райнхольд Крэммель чакан жана орто ишканаларды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, Германия бул жаатта олуттуу тажрыйбага ээ экенин жана ишкердиктин өсүшүнө көмөктөшүү үчүн аны Кыргызстандагы өнөктөштөрү менен бөлүшүүгө даяр экенин белгиледи.
Ишкердик кеңештин жыйынына экономика, инвестиция, туризм, санариптештирүү жана жогорку технологиялар тармактарына жооптуу мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.
Катышуучулар чакан жана орто бизнести колдоо жана өнүктүрүү, Ысык-Көл облусунда кышкы туризмди туруктуу өнүктүрүү, ошондой эле IT-стартап экосистемасын өнүктүрүү жана колдоо маселелерин талкуулашты.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча протокол кабыл алынды.