Улуттук университеттин 100 жылдыгына карата илимий конференция өтөт

Коом Загрузка... 03 Июнь 2025 10:10
1047263138_202_300_3310_2048_1400x0_80_0_0_2e20e2a06599b9e22db9a2e121e8bf12.jpg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.06.25. /Кабар/. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдыгына арналган "XXl кылымдагы медиамейкиндик: салттар, иденттүүлүк жана инновация" аталышында илимий-конференция аталган окуу жайда өтөт.

Журналистика жана коммуникация институту менен П.Лумумба атындагы элдердин достугу Россия университетинин филология факультети менен биргеликте уюштурулуп жаткан конференцияда глобалдашуу шартында медиамейкиндиктин өнүгүүсүн ошол эле учурда салттарды, иденттүүлүктү сактоо маселесине арналмакчы.

Илимий иш-чарага окумуштуулар, өлкөнүн алдыңкы медиа тармактарынын өкүлдөрү, окутуучулар жана студенттер катышат.

Мында журналистика багыты боюнча жогорку билим берүү, тармактын көйгөйлөрү жана перспективалары, медиатармагынын өнүгүшү, Евразиялык мейкиндикте маалымат агенттиктеринин ролу сыяктуу маанилүү темалар талкууланмакчы.

Анткени, бүгүнкү күндө глобалдашуунун маанилүү аспектилери болуп, бирдиктүү маалыматтык мейкиндиктин калыптанышы, эл аралык өз ара кызматташуунун кеңейүүсү, масштабдуу экологиялык, экономикалык жана башка маселелерди чечүү үчүн мамлекеттердин биргеликте иш алып баруусу саналат.