Улуттук университетте медиамейкиндик чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелер талкууланууда

Коом Загрузка... 03 Июнь 2025 15:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.06.25. /Кабар/. "XXl кылымдагы медиамейкиндик: салттар, иденттүүлүк жана инновациялар" аталышында илимий-практикалык конференция Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде өтүүдө.

Конференцияда П. Лумумба атындагы элдердин достугу Россия университетинин филология факультетинин массалык коммуникациялар кафедрасынын профессору, филология илимдеринин доктору Валерий Таказов Кыргызстан менен Россиянын мисалында журналистика тармагынын көйгөйлөрүн жана перспективаларын белгиледи.

Филология илимдеринин кандидаты Айна Дүйшекеева "Жаңылыктар медиасындагы конструктивдүү журналистика: "Кабар" жана "Синхуа"маалымат агенттиктеринин мисалында" аталган темада баяндама жасап, аталган агенттиктердин медиа мейкиндиктеги маанисин белгиледи.

Анын айтымында, "Кабар" маалымат агенттиги маалымат таратууда көпчүлүк учурда нейтралдуу позицияны сактап (94%), маселени рацианалдуу камтуу менен өлкөдөгү социалдык абалды объективдүү чагылдырып келет.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө глобалдашуу шартында маалымат согушунун эл аралык мамилелерге тийгизген таасири, санариптик медиа доорундагы журналистика тармагынын актуалдуу маселелери талкууланууда.

Кыргыз улуттук университеттин 100 жылдыгына катар уюштурулган илимий иш-чарага окумуштуулар, өлкөнүн алдыңкы медиа тармактарынын өкүлдөрү, окутуучулар жана студенттер катышууда.