Бишкек, 16.06.25. /Кабар/. Улуттук тил комиссиясына мамлекет ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Марат Иманкулов “Айтил” улуттук платформасынын бет ачарында билдирди.
Анын айтымында, “Айтил” улуттук платформасы мамлекеттик тилди санариптештирүүдө улуттук коопсуздук жагынан зор мааниге ээ.
“Бүгүн баарыңыздар “Айтил” платформасынын таанытымын көрдүңүздөр. Бул абдан керектүү нерсе. Жаштардан тарта улуу муундарыбыз колдонуучу ыңгайлуу платформа десек да болот. “ChatGPT”, “Depseek” сыяктуу чет элдик платформаларды колдонуп жатпайбызбы. Андан көрө коопсуздугу 100 пайыз сакталган өзүбүздүн улуттук платформаны колдонсок жакшы болот. Бул Улуттук тил комиссиясынын кылган абдан жакшы иштеринин бири”,-деди ал.
Ал белгилегендей, платформанын толук иштеши үчүн техникалык база, өзгөчө суперкомпьютерлер зарыл.
“Бул багытта маселе бар экенин жакшы билебиз. Суперкомпьютерлер кымбат болсо да, бул маселени чечүүгө бюджеттен каражат бөлүп жатабыз. Мамлекет техникалык жактан эле эмес, ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр”,-деди ал.