Улуттук тарых музейи АКШ менен маданий кызматташтыкты өнүктүрүүдө

Маданият 2 октябрь 2026 13:40
830511179_1835077660856495_8525474298250506867_n.jpg
830407845_1771761504080697_5368635376110239578_n.jpg
829658249_1156043773661740_3071288090269444540_n.jpg
833185508_38844776421833391_5099817478601975046_n.jpg
830467884_2066631607622936_3277923919571326404_n.jpg
831049659_1711207313305273_9018701605496602380_n.jpg
833110937_1074932308848207_7653479666596179456_n.jpg
Алдыга
Артка
830511179_1835077660856495_8525474298250506867_n.jpg
830407845_1771761504080697_5368635376110239578_n.jpg
829658249_1156043773661740_3071288090269444540_n.jpg
833185508_38844776421833391_5099817478601975046_n.jpg
830467884_2066631607622936_3277923919571326404_n.jpg
831049659_1711207313305273_9018701605496602380_n.jpg
833110937_1074932308848207_7653479666596179456_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 02.10.26. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук тарых музейинин директору Назгүл Өмүрзакова АКШнын Мамлекеттик департаментинин Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча бюросунун Басма сөз жана коомдук дипломатия менен байланыштар башкармалыгынын директору Эрик Каталфамо менен жолугушту.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тарыхый-маданий мурасты сактоо жана жайылтуу, археологиялык изилдөөлөрдү өнүктүрүү, Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы маданий кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле музей адистери, изилдөөчүлөр жана маданий мекемелердин өкүлдөрү арасында тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.

Кыргыз тарап АКШ өкмөтүнүн Кыргызстандагы тарыхый-маданий мурасты сактоого кошкон көп жылдык салымы үчүн ыраазычылык билдирди. АКШнын колдоосу менен Бурана мунарасын сактоо жана консервациялоо, Өзгөндөгү Караханийлер дооруна таандык күмбөздөрдү реставрациялоо, Жалал-Абад облусундагы Шах-Фазиль күмбөзүн сактоо, ошондой эле Улуттук китепкана жана Улуттук илимдер академиясынын китепканасындагы сейрек кездешүүчү басылмаларды санариптештирүү жана реставрациялоо боюнча долбоорлор ишке ашырылган.

Жолугушуунун алкагында Эрик Каталфамо музейдин туруктуу экспозициясы менен таанышып, кыргыз элинин тарыхый-маданий мурасын чагылдырган археологиялык жана этнографиялык коллекцияларды көрдү. Ошондой эле музейдин "Алтын коллекциясына" өзгөчө көңүл бурулду. Коллекциядагы экспонаттарды реставрациялоо иштери АКШнын Маданий мурастарды сактоо боюнча элчилик фондунун (AFCP) колдоосу менен жүргүзүлгөн.