Бишкек, 24.11.25. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук тарых музейинин директору Жылдыз Бакашова Россиянын Хабаров крайындагы Гродеков атындагы музейдин башкы директору, Россия тарых коому бѳлүмүнүн кеңешинин тѳрагасы Иван Крюков менен сүйлѳшүү ѳткѳрдү.
Маданият министрлигинен билдиришкендей, жолугушуу музейлер ортосундагы кызматташууну жандандыруу максатында уюштурулган.
Жолугушууда меморандум түзүү менен музей ишин жана тарыхый мурастарды популярдаштыруу багытында биргеликте илимий долбоорлорду иштеп чыгуу жана аткарууга алуу келишимине келишти.
Кѳргѳзмѳлѳрдү түзүү, жаш кадрларды тажрыйба алмашууга жиберүү, илимий-усулдук жардам кѳрсѳтүү, жана башка актуалдуу тармактардагы практикалык сунуштарды ыкчам ишке ашырууга тараптар кызыкдарлыгын билдиришти.
Соңунда, музейлердин уникалдуу экспонаттарынын китептери белек катары берилип, расмий жолугушу ийгиликтүү аяктады.