Улуттук тарых музейде Инклюзия борборун түзүү маселеси каралды

Маданият 1120 11 Февраль 2026 09:55
630169755_1203130668645354_7820159822062202173_n.jpg
628790924_1203130105312077_8396278840804419146_n.jpg
631363981_1203130155312072_8709227996646480725_n.jpg
633602135_1203130641978690_1140079033761337950_n.jpg
Алдыга
Артка
630169755_1203130668645354_7820159822062202173_n.jpg
628790924_1203130105312077_8396278840804419146_n.jpg
631363981_1203130155312072_8709227996646480725_n.jpg
633602135_1203130641978690_1140079033761337950_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 11.02.26. /Кабар/. Улуттук тарых музейинин директору Жылдыз Бакашова жана “Евразия Кей Жи” коомдук фондунун директору Кымбат Урумкулова баштаган фонд өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда Улуу Ата Мекендик согушка арналган туруктуу экспозицияны модернизациялоо, музейди заманбап мультимедиялык жана инновациялык көргөзмө технологиялары менен жабдуу, ошондой эле Улуттук тарых музейинин базасында Инклюзия борборун түзүү маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, музейдин илимий кызматкерлеринин Россияын алдыңкы музейлеринде такшалмадан өтүүсүн жана квалификациясын жогорулатуу боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар маданият жана коомдук өнүгүү жаатында тыгыз кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту.