Бишкек, 29.05.25 /Кабар/. Улуттук статистикалык комитеттин отчетторунун саны 120га кыскарды. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары Азамат Кадыралиев билдирди.
Анын айтымында, буга чейин Улуттук статистика комитети жыл сайын жалпы 257 негизде отчет тапшырып келишкен. Эми алардын саны 120га кыскарып учурда 137 негиздеги отчет калды.
“Аталган иш-аракеттер ведомстволор аралык комиссиянын чечиминин негизинде расмий статистикалык отчеттуулукту оптималдаштыруу, респонденттерге административдик жүктү азайтуу жана мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында жүргүзүүлүдө”,-деди ал.