Улуттук онкология жана гематология борборуна дартты так аныктоочу жабдыктар алынды

Ден соолук Загрузка... 07 Март 2025 15:40
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Улуттук онкология

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 07.03.25. /Кабар/. Улуттук онкология жана гематология борборуна дартты так аныктоочу жабдыктар алынды. Бул тууралуу Улуттук онколония жана гематология борборунун директору Нурбек Букуев билдирди.

Анын айтымында, ооруканага автоматташтырылган жабдыктар алынып, алардын жардамы менен лаборанттардын иши бир топ жеңилдеди.

“Көп жылдардан бери колдонулуп, эскилиги жеткен Улуттук онкология жана гематология борборундагы клиникалык диагностика лабораториясынын жабдуулары жаңыртылды. Ички органдардын иштешин, зат алмашуусу жөнүндө маалымат алуу үчүн биохимиялык анализди жогорку ылдамдыкта жана так алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мурда кол менен жазылганда эки саатта отуз гана анализ жасалса, учурда жаңы биохимиялык жабдыктын жардамында жүз анализдин жыйынтыгын алууга болот”,-деди ал.

Улуттук онкология жана гематология борборунун клиникалык диагностика лабораториясынын лаборанты Назик Султанова белгилегендей, аталган лабораторияда 15тен ашуун анализ жасалат.

“Буга чейин анализдерди жасоодо технологиянын эскилигинен айрым мүчүлүштүктөр жаралчу. Кээде анализ так чыкпай калган учурлар да болгон. Эми андайга жол берилбейт. Анткени, жаңы жабдыктар анализди компьютерден так чыгарып берет”,-деди ал.

Белгилей кетсек, Улуттук онкология жана гематология борборуна жыл сайын 6 миң 500 гө чейин адам каттоого алынат. Ал эми республика боюнча 33 миңден ашуун онко оорулуулар бар. Алардын көпчүлүгү оору өтүшүп кеткенде III-IV- стадиясында кайрылган бейтаптар.