Кыргызстан менен Монголия медицина тармагында кызматташат

Ден соолук 6 октябрь 2026 18:00
836918342_3459824140845392_758247206051652701_n.jpg
828391724_2570952589983026_6034139870360577475_n.jpg
839135034_1750901892809844_2839111047141834544_n.jpg
835011144_1774790850332444_6557637953218763620_n.jpg
838488398_3963141220661070_5591574267068160480_n.jpg
838271334_2092093644846350_1165569548092343449_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 06.10.26 /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Дэмчиг Тэгшжаргал менен жолугушту.

Министрликтен билдиришкендей, жолугушууда саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтықтың келечектүү багыттары жана биргелешкен медициналык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Тараптар эки өлкөнүн саламаттык сактоо системаларында бир катар окшош көйгөйлөр бар экенин белгилешти. Алардын катарында жугуштуу эмес оорулардын жогорку көрсөткүчү жана алыскы аймактардын тургундары үчүн медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу зарылдыгы бар. Ушуга байланыштуу оорулардын алдын алууга, саламаттык сактоону санариптештирүүгө жана телемедицинаны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.