Улуттук “Манас” театры Өзбекстанда чыгармачыл сапар менен жүрөт

Борбор Азия 1981 15 Сентябрь 2025 17:55
p_15_3.jpg
p_15_2.jpg
p_15_1.jpg
p_15_0.jpg
p_15_-.jpg
p_15_ (1).jpg
p_15.jpg
p_15..jpg
Алдыга
Артка
p_15_3.jpg
p_15_2.jpg
p_15_1.jpg
p_15_0.jpg
p_15_-.jpg
p_15_ (1).jpg
p_15.jpg
p_15..jpg
Алдыга
Артка

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 15.09.25. /Кабар/. Бүгүн Ташкент облусунун Боко районундагы Чавлисай кыштагында Улуттук "Манас" театрынын жамааты жергиликтүү калк менен өзгөчө чыгармачыл жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Ташкент облусунун Кыргыз маданий борборунун төрагасы Хамид Аширматов билдирди.

Концертте Манас атанын баалуулугун, кыргыз менен өзбек элдеринин кылымдарга созулган достугун жана эки өлкөнүн азыркы кызматташтык өнүгүүсүн чагылдырган программалар коюлду. Ошондой эле Боко районунун 34 жана 35-кыргыз орто мектептеринин жаш манасчылары өз өнөрлөрүн тартуулап, белгилүү манасчылардын батасын алышты.

Делегация андан соң Жызак облусундагы Манас айылына жол тартты. Театрдын чыгармачыл сапары аптанын аягына чейин Өзбекстандын башка аймактарында да уланат

Эскерте кетсек, былтыр ноябрда Чавлисайда Манас Улуттук театрынын филиалы ачылган. Боко районунда 20 миңден ашуун этникалык кыргыз жашайт жана беш кыргыз орто мектеби бар.