Улуттук «Манас» театры Ферганада чыгармачыл сапарда болду

Борбор Азия Загрузка... 18 Сентябрь 2025 10:54
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 18.09.25. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук «Манас» театрынын өкүлдөрү Фергана облусунун Риштан районундагы этникалык кыргыздар жыш жашаган Жайылма кыштагында жергиликтүү элге чоң концерттик программа тартуулашты. Бул тууралуу Фергана облусундагы кыргыз маданият борборунун активдүү мүчөсү, учурда ардактуу эс алууда жүргөн тарыхчы-мугалим Махамад Халилов билдирди.

Театрдын директору Нурбек Талантбековдун айтымында, акыркы эки-үч жылдан бери «Манас» театры Өзбекстандын аймагында бир катар маданий долбоорлорду ишке ашырып келет.

«Быйылкы чыгармачыл сапарыбыз Анжиян, Фергана, Кокон, Жызак жана Самарканд облустарын камтып, бир аптага созулат. Өзгөчө жылуу кабыл алуу, өзгөчө колдоо үчүн терең ыраазычылык билдирем. Чек ара бекеттеринен тартып элдин жүрөгүнө чейин эшиктер ачык болуп, соода-саттык, маданий жана куда-сөөк байланышыбыз кайрадан жанданып жатканы кубанычтуу. Негизги максатыбыз – Манас Атанын осуяттарын кеңири жайылтуу, кыргыз-өзбек достугуна жана коңшу эки элдин кызматташтыгына өз салымыбызды кошуу», – деди ал.

Концерттик программа кыргыз элдик ырлары, дастандар жана заманбап чыгармалар менен коштолуп, көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартуулады. Өзгөчө Кыргызстанга эмгек сиңирген артист, Гиннес рекорддор китебине кирген белгилүү манасчы, акын Рысбай Исаковдун сахнага чыгышы көрөрмандардын купулуна толуп, алкышка арзыды.

Ал катышуучуларга кайрылып: «Көз кубанып, көңүл сүйүнөт. Ушундай маданий өрнөктөр улана берсин, эки эл тең өнүгүп, маданият аркылуу дайыма байланышып турсун. Биз ыр сунуп, майрам тартуулап келдик. Элге бекемдик, бакубатчылык жана бардарчылык каалайбыз», – деп айтты.

Улуттук «Манас» театрынын чыгармачыл сапары Өзбекстандын башка аймактарында да улантылмакчы.