Улуттук колорит жана заманбап шарттар. "Манас" аэропортун реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө

Коом 24 сентябрь 2025 09:45
whatsappimage20250923at181748-54268d2a8cc0ef4c6.66203085 (1).jpg
whatsappimage20250923at181748-54268d2a8cc0ef4c6.66203085.jpg
whatsappimage20250923at181823-79068d2a8cc1871e0.45402982.jpg
whatsappimage20250923at181824-62568d2a8cc1b1844.95255501.jpg
whatsappimage20250923at181841-26568d2a8cc157965.86452566.jpg
whatsappimage20250923at182650-61268d2a8cc134d70.24398987.jpg
whatsappimage20250923at1818421-7668d2a8cc1716f5.92800922.jpg
whatsappimage20250923at1826491-80268d2a8cc19a924.89490226.jpg
whatsappimage20250923at1826521-52068d2a8cc0fd6e8.25782350.jpg
whatsappimage20250923at1826532-11268d2a8cc13f3f3.91069458.jpg
whatsappimage20250923at1826533-19768d2a8cc118347.45028453.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 24.09.25. /Кабар/. Күн мурун курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев "Манас" эл аралык аэропортунда жүрүп жаткан реконструкция иштери менен таанышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, министр объектиде жүрүп жаткан ишти өз убагында мөөнөтүнөн кечиктирбей сапаттуу бүтүрүү үчүн жумушчулардын санын 200гө жеткирүү боюнча тапшырма берди. Ошондой эле күндүзгү сменде туруктуу 120, ал эми кечки сменде 70-80 жумушчу иштөөсү керек экендигин белгиледи.

Эл аралык аэропортту реконструкциялоо долбоорун министрликке караштуу Шаар куруу жана архитектура департаменти иштеп чыкса, курулуш иштерин “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, “Манас” эл аралык аэропортун реконструкциялоо үстүбүздөгү жылдын эң маанилүү курулуш иштеринин бири болуп саналат. Аэропорттун инфратүзүмү болжол менен 39 миң чарчы метр аянтты ээлеп келген болсо, долбоорго ылайык, 18 миң чарчы метрге кеңейтилет. Мындан сырткары, заманбап skywalk-жабык өтмөгү курулат.

Ошондой эле аэропорттун дизайны улуттук колориттин негизинде толук өзгөртүлүп Манас атанын эстелиги коюлат. Ошол эле учурда эл аралык стандарттарга толук жооп берет. Мындан сырткары, траволатор, эскалаторлор орнотулуп, долбоорго ылайык экинчи кабатта бийиктиги 8,8 метр, туурасы 15,5 метр, узундугу 255,5 метр болгон күтүү залы каралган.

Бүгүнкү күндө батыш эстакадасын демонтаждоо, ички жасалгалоо жана экинчи кабатта гранит таштарды төшөө иштери жүрүп жатат.