Бишкек, 18.02.25./Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан “КР Улуттук илимдер академиясы жөнүндө” мыйзамынын жаңы редакциясы иштелип чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилди.
Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, аталган мыйзам долбоорунун негизги максаты Улуттук илимдер академиясынын статусуна ылайык анын ишинин натыйжалуулугун арттыруу, кадыр-баркын жогорулатуу болуп саналат.
Мыйзам долбоорунда бир катар маанилүү өзгөртүүлөр камтылган. Ага ылайык Улуттук илимдер академиясы – юридикалык жактын статусуна ээ жогорку мамлекеттик илимий мекеме. Улуттук илимдер академиясынын уюмдаштыруучусу – министрлер кабинети, Улуттук илимдер академиясы өз ишинде министрлер кабинетине гана отчёт берет.
Мыйзам долбоорунда эң башкысы Улуттук илимдер академиясына республикадагы жүргүзүлүүчү фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү координациялоо жолу менен илим чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу милдеттендирилген. Ушуга байланыштуу Улуттук илимдер академиясынын функциялары төмөнкүдөй маанилүү багыттар менен кеңейтилип жатат:
- КР социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн негизги багыттарына ылайык илимдин, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- стратегиялык мүнөздөгү улуттук жана мамлекеттик илимий, илимий-техникалык, экономикалык, социалдык жана экологиялык программаларды, инновациялык долбоорлорду илимий экспертизадан өткөрүүнү уюштуруу жана ага катышуу;
- мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ошондой эле жеке жана юридикалык жактарга илимий консультация берүү;
- республикалык бюджеттин каражаттарын пайдалануунун эсебинен алынган илимий, илимий-техникалык натыйжаларга мониторинг жүргүзүү жана баалоо;
- өлкөнү социалдык-экономикалык, саясий-укуктук өнүктүрүүнүн, өлкөнүн маданиятын, жаратылышты сарамжалдуу пайдаланууну жана коргоону илимий жактан негиздөө;
- илимди жана инновацияны өнүктүрүүнүн жаңы жолдорун аныктоо;
- ата мекендик жана дүйнөлүк илимдин жетишкендиктерин практикада пайдалануу боюнча сунуштарды жана механизмдерди иштеп чыгуу;
- Кыргызстандын окумуштуулары алган эң маанилүү илимий жетишкендиктерди көрсөтүү менен КР президентине илим боюнча ар жылдык улуттук баяндаманы даярдоо.
Ошондой эле мыйзам долбоорунда Улуттук илимдер академиясына финансылык жана академиялык эркиндик берилүүдө.
Улуттук илимдер акдемиясына финансылык көз карандысыздыкты берүү жана туруктуулукту камсыздоо максатында УИАнын курамында илимий изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды жүргүзүүчү илимий-өндүрүштүк бирикме түзүү сунушталууда. Бул жаңылык КР Улуттук илимдер академиясына кызыкдар ишканалар менен биргеликте илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, жыйынтыгында реалдуу натыйжаларды алуу мүмкүнчүлүгүн түзөт.
Белгилей кетсек, соңку мезгилде мамлекет тарабынан илимге өзгөчө көңүл бурулуп, тармакка ар тараптуу колдоо көрсөтүлүүдө. Алсак, республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен 2024-жылы Улуттук илимдер академиясынын имараты 500 млн сомго капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. КР министрлер кабинетинин 2025-жылдын 7-февралындагы № 64 токтому менен илим тармагындагы кызматкерлердин, анын ичинде Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлеринин эмгек акысы 100 пайызга чейин жогорулатылды.