Бишкекте «Уңгу жол: учур жана келечек» аталышындагы илимий-практикалык конференция өтүүдө

Коом 12 Февраль 2025 11:35
476835224_550766814656138_6871803772237501181_n.jpg
476871675_550766691322817_5604180623215920583_n.jpg
476816381_550766621322824_4363499852917797801_n.jpg
Алдыга
Артка
476835224_550766814656138_6871803772237501181_n.jpg
476871675_550766691322817_5604180623215920583_n.jpg
476816381_550766621322824_4363499852917797801_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Сүйүнбек Касмамбетовдун өздүк архивинен

Бишкек, 12.02.25. /Кабар/. Бүгүн, 12-февралда Улуттук илимдер академиясынын чоң жыйындар залында «Уңгу жол: учур жана келечек» аталышындагы илимий-практикалык конференция өтүүдө. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов билдирди.

Аталган конференцияда Сүйүнбек Касмамбетов «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгу жолу тууралуу баяндама жасап, анын максаты жана милдети жөнүндө кенен маалымат берди.

Кыргыз эли кылымдар бою өз уңгусун таап, муундан муунга өз каада-салтын, нарк-насили менен жашаган эл катары мындан ары да сакталышы керектиги, ааламдашуу учурунда кыргыз өз жүзү, өз үнүменен калыш керектиги жөнүндө абдан жакшы мисалдар менен айтты.

Иш-чарада УИАнын А.Алтымышбаев атындагы философия институтунун башкы илимий кызматкери Сулайман Кайыпов жана УИАнын Мамлекет жана укук институтунун директору Токон Мамытов жана башка окумуштуулар сөз сүйлөштү.