Мамкатчы Сүйүнбек Касмамбетов кызматтан кетерин айтты

Коом Загрузка... 15 Май 2025 16:38
1101403.ddcb0a2513d5075d6a8f684f622198e4.jpg
copyright icon www

Бишкек 15.05.2025 /Кабар/. Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов кызматтан кетерин билдирди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, бүгүн президентке кайрылуу киргизген.

"Кадырман калайык калк! Мен 2025-жылдын 8-апрелинде 65 жашка чыктым. 43 жыл мамлекеттик кызматта болдум.

Мыйзамды туу тутуп, үлгү көрсөтүп орунду бошотуп жатам. Жаңы адамдар келсин. Президент менен эриш аркак өтө сый-урмат менен иштешкениме миң мертебе
ыраазымын. Бүгүн, президентке кайрылуу киргиздим. Ыраазычылыгын сурадым. Дайым, сиздер мененмин!",-деп жазган Касмамбетов.

Белгилей кетсек, Сүйүнбек Касмамбетов 2021-жылы мамлекеттик катчы болуп дайындалган.