Кыргызстандык студенттерди Францияда гранттык негизде окутуу пландалууда

Коом 28 Февраль 2025 17:28
1638271870_0.jpg
481245136_1063951262445284_5299514564015954790_n.jpg
480579206_1063951375778606_8196407530763813920_n.jpg
480576946_1063951402445270_6972662714404283978_n.jpg
476646755_1063951405778603_5859538174839931257_n.jpg
Алдыга
Артка
1638271870_0.jpg
481245136_1063951262445284_5299514564015954790_n.jpg
480579206_1063951375778606_8196407530763813920_n.jpg
480576946_1063951402445270_6972662714404283978_n.jpg
476646755_1063951405778603_5859538174839931257_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 28.02.25. /Кабар/. Бүгүн, 28-февралда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушууда билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги талкууланды. Кыргызстанда француз тилин өнүктүрүү, ошондой эле кыргыз жана француз ЖОЖдорунун ортосундагы академиялык кызматташтыкты Erasmus программасы аркылуу өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Д. Кендирбаева Франция менен билим берүү тармагында кызматташууга кызыкдар экенин билдирип, француз тили боюнча онлайн курстарды уюштуруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Өз кезегинде элчи Николя Фай кыргызстандык студенттер жана окутуучулар үчүн стипендия жана гранттык программалар аркылуу өнөктөштүктү бекемдөөгө көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.

Франция тарап министрликтин өкүлдөрүн элчиликтин колдоосунда өтө турган билим берүү чөйрөсүндөгү маданий долбоорлорду ишке ашырууга, анын ичинде санариптик чыгармачылык жаатында кыргыз-француз кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган видео оюндарга жана санариптик искусствого арналган GameCon 2025 иш-чарасына катышууга чакырды.

Тараптар өнөктөштүк мамилелерди мындан ары чыңдоого жана билим берүү жаатындагы жаңы демилгелерди ишке ашырууга даяр экендиктерин тастыкташты.