Бишкек, 10.06.25. /Кабар/. Бүгүн Куралдуу күчтөрдүн Улуттук гвардиясынын 10 127 аскер бөлүгүнүн аймагында аскер кызматчылары үчүн жаңы казарма жана спорт залдын курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.
Иш-чарага коргоо министри Руслан Мукамбетов, Улуттук гвардиянын колбашчысы Т.алантбек Эргешев, Улуттук гвардиянын борбордук аппаратынын офицерлери, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери, аскер кызматчылар, алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана коноктор катышты.
"Учурда биз Куралдуу күчтөрдү модернизациялоо жана аскер шаарчаларыбыздын инфраструктурасын жаңылоону улантуудабыз. Армиянын күчү техникада жана курал-жаракта гана эмес, эң оболу ошол заманбап куралды кармаган адамдарда. Ошондуктан жоокерлерибиз менен офицерлерибиздин кызмат өтөө шарттарын, ден соолугун жана моралдык духун жакшыртуу — Коргоо министрлигинин артыкчылыктуу багыттарынын бири", – деди министр.
Эске салсак, ушул жылдын 30-майында Куралдуу күчтөрдүн Аскер институтунун курсанттары үчүн курсанттык ашкананын жаңы имаратынын капсуласы салынган.
Белгиленгендей, Коргоо министрлигинин жетекчилиги Куралдуу күчтөрдүн гарнизондорунун жана аскер шаарчаларынын инфраструктурасын жакшыртуу багытында пландык жана максаттуу иштерин улантууда.