Улуттук гвардияда командалык-штабдык машыгуулар өтүүдө

Коом 17 сентябрь 2025 15:00
WhatsApp Image 2025-09-17 at 15.04.16.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-17 at 15.04.14 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-09-17 at 15.04.14.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-09-17 at 15.04.16.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-17 at 15.04.14 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-09-17 at 15.04.14.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Улуттук гвардия

Бишкек, 17.09.25. /Кабар/. Улуттук гвардиянын аскер бөлүктөрүндө командалык-штабдык машыгуулар өтүүдө. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында бөлүктөрдүн командирлери жана штаб кызматкерлери реалдуу шарттарга жакын кырдаалда башкаруу жана өз ара аракеттенүү боюнча көндүмдөрүн чыңдашууда.

Машыгуулардын негизги максаты — ар кандай согуштук сценарийлерге ылайык иштелип чыккан пландардын натыйжалуулугун текшерүү, башкаруу органдарынын ишиндеги ырааттуулукту камсыз кылуу жана аскер бөлүктөрүнүн биргелешкен аракеттерин жакшыртуу болуп саналат.

"Аскер кызматкерлери өздөрүнүн уюшкандыгын, ыраттуулугун жана күжүрмөн тапшырмаларды аткаруудагы даярдыгын ийгиликтүү көрсөтүштү",-деп айтылат маалыматта.