Улуттук госпиталдын төрт дарыгери Францияда квалификациясын жогорулатты

Коом Жүктөлүүдө... 16 Июль 2026 14:45
749184025_1443486407554920_4104016632969432727_n.jpg
748175945_1698122288064703_5210085697495953486_n.jpg
748740384_1546743780225239_4744904549140855081_n.jpg
748787241_2154483478742436_4653013495491900763_n.jpg
749151517_1501328558682609_3436655410788741069_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 16.07.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Франция саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыкты чыңдоодо Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Франциянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николя Фай менен жолугушуу өткөрдү.

Министрликтен билдиришкендей, тараптар медициналык кадрларды даярдоо, алдыңкы тажрыйба алмашуу, заманбап медициналык технологияларды киргизүү жана эки өлкөнүн саламаттык сактоо мекемелеринин ортосундагы кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун маанилүү жыйынтыктарынын бири – Францияда квалификациясын жогорулаткан Улуттук госпиталдын төрт дарыгерине сертификаттарды тапшыруу болду. Алар оториноларингология, неврология, эндокринология жана офтальмология багыттары боюнча окуудан ийгиликтүү өтүштү.

Кыргызстан менен Франция саламаттык сактоо тармагында өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө жана медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга багытталган биргелешкен иштерди улантат.