Бишкек, 12.11.25. /Кабар/. 18-ноябрда А.Жумакматов атындагы Мамлекеттик академиялык симфониялык оркестринин классикалык музыка кечеси өтөт.
Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониядан маалымдашкандай, иш-чара маданий мекеменин чоң залында уюштурулат.
Концертте ырчылар Керим Турапов, Элнура Мухтарбек, Айзирек Момунова, Заира Раимбекова, Тилек Найманбаев, Талант Токомбаев жана Элгиз Бейшенбаевдер классикалык чыгармаларды аткарышат.
Дирижёрлор - Рахатбек Осмоналиев менен Эрнис Асаналиев.