Улуттук эне жана баланы коргоо борборуна гуманитардык жардам берилди

Ден соолук 30 Май 2025 09:35
WhatsApp Image 2025-05-30 at 07.54.41.jpeg
WhatsApp Image 2025-05-30 at 07.54.41 (1).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-05-30 at 07.54.41.jpeg
WhatsApp Image 2025-05-30 at 07.54.41 (1).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 29.05.25. /Кабар/. Улуттук эне жана баланы коргоо борборуна "Ас-Сафа" кайрымдуулук фондунан гуманитардык жардам берилди.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, мекемеге заманбап үч даана Fresenius 4008S Classic үлгүсүндөгү гемодиализ аппараты жана балдар үчүн керектелүүчү материалдар топтому тапшырылды.

Бул жабдуулар өнөкөт жана курч бөйрөк жетишсиздигинен жабыркаган балдар дарыланган гемодиализ бөлүмүнө арналган.

Мындан тышкары, фонд балдарга гемодиализ процедураларын жүргүзүү үчүн зарыл болгон керектүү материалдардын толук топтому менен камсыздады. Бул жардам терапиянын үзгүлтүксүз жүргүзүлүшүн жана бөлүмдөгү дарылоо шарттарын жакшыртууга өбөлгө болот.

Саламаттык сактоо министрлиги жана улуттук борбордун жетекчилиги балдар нефрологиясын өнүктүрүүгө жана атайын медициналык жардамга муктаж жаш бейтаптарды колдоого кошкон маанилүү салымы үчүн "Ас-Сафа фондуна ыраазычылык билдирди.