"Кабар" маалымат агенттиги мындан ары кыргыз элинин улуттук өзгөчөлүгү, маданияты, тарыхы жана мамлекеттүүлүктү түптөгөн инсандар туурасында “Өзөк” аттуу атайын рубрикасын окурмандарга сунуштайт. Бул рубрикада улуттук идеологиябызды кеңири жайылтуу максатында улуттук нарк, улуттук философия менен бирге кезегинде адабиятка, маданиятка, илим-билимге, жана кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө чоң салым кошкон инсандардын басып өткөн жолу менен бирге биз үчүн руханий кандай мурастарды калтырып кеткендиги тууралуу ой чубайлы дедик.
“Өзөк” – тамырың каякта жатат, өтмүш эмнелерден куралган деген суроолордун айланасында ой жорууга түрткү берет.
“Өзөк” – тарыхый татаал жолдордо бороонго туруштук берип олтуруп, акыры ийгиликке жеткен инсандардын баяны!
Өтмүштөн сабак алалы...
Өзөгүбүзгө кайталы!
Анда эмесе, “Өзөк” – Сиздер үчүн!
Улуттук дух – ар бир улуттун коллективдүү аң-сезиминде миңдеген жылдар бою калыптанып бүтүп, анан муундан муунга өтүп олтуруп бышып жетилген руханий зор күч. Ал, элдин басып өткөн жолундагы кыйчалыш замандарда электен өтүп, бирде майышса – бирде чыйралып, ийгиликтер менен кошо башына каран түн түшкөн мезгилдерде акыл токтотуп туура кадам таштоого түрткү берген өзүнчө бир көзгө көрүнбөгөн касиетке ээ.
Далай кылымдарды карыткан кыргыз элинин өзүнүн улуттук духу көчмөн философиясында катылуу жатат. Элибиздин тамыры тереңде.
Ал, аскасы асман челген аркайган аска- зоолордо, көктү карай боюн керген Ала-Тоосунда. Тоо – кыргыз элин эркин ой жүгүртүүгө түрткү берген. Ошон үчүн ар бир кыргыз тоо койнунда жүргөндө өзүн эркин куштай сезип, ойлору бийикте оболойт.
Ар качан көчүп-конуп жашаган, бар мүлкүн боз үйгө артып, малын алдыга салып айдаган элдин философиялык ой жүгүртүүсү – түнү бою айтылган дастандарына, комуз күүлөрүнө, анан эбегейсиз океан сымал “Манас” эпосуна катып, муундан муунга өткөрүп турган. Анан калса, ар бир үйдүн чоңоюп келе жаткан уул-кызынын көкүрөгүндөгү улуттук сезимин ойгото турчу нарк-насил менен кошо улуттук дүйнө таанымын өзгөртүүгө шык берип, канатын күүлөп талпынтууга себепчи болгон кыргыздын элдик оюндары да акыл-эстин жогорку чекке өсүп жетилүүсүнө чоң жардамын тийгизген.
Демек, көчмөн турмуш өзүн кыргыз санаган ар бир адамды табият менен кошо камыр-жумур аралаштырып туруп, аялуу сезимин козгоп, бийик эркке жетелеген. Анын үстүнө тоодо тирилик кечирген элге тоонун көрүнүшү да улуттук духту ойготууда өзгөчө орунду ээлеген. Ошон үчүн элде: “Тоодой бийик бол!”, “Ойду омкоруп, тоону томкор!”, ал эми бардык азапты жеңип, сабыры менен сары алтынга ээ болгон даанышман, акылгөй адамдарга карата: “Тоо козголсо да, бул козголбойт!”, “Өзүнчө турган бир – тоо!”, “Тоодой адам!” деп сыпаттап, ал эми ошол таянар тоосу ураса: “Тоом кулады”, “Аскар-тоом урады” же “Тоомон ажырадым” деп кейишке баткан.
* * *
Улуттук духту ойготууда тоо менен кошо кан-жанында катылып, миңдеген жылдар бою айтылып келаткан “Манас” – улуттун Рухун кармап турган өзүнчө бир сыйкырдуу аалам, өзөгүндөгү аялуу дүйнө. Ошондуктан качан кыргыз олуттуу ишти баштар алдында ар качан: “Арбагың Манас – өзүң колдой көр!” деп, калың журт жапырт алакан жая бата тартып болуп, баштай турчу ишине киришкен же жоого аттанарда, же болбосо улуттук оюндардын кандайдыр бир түрүндө жарышка түшөөр алды жадыбалдай жатталган ыйык сөзгө айланган. Манасты аяр тутуп, Манасты кастарлап, Манаска зор маани берген кыргыз элдин кусуру урбасын, Манастын арбагы уруп кетпесин деп чоочулап, жаман иш жасагандан жазганган.

Сүрөт: Таластагы Манас Ордо комплексинин музейиндеги Жоомарт Кадыралиевдин "Манас" сериясы эмгегинен
“Манас” – ар бир эр жигиттин намысын козгоп, баатырдыкка жана даанышмандыкка жол көрсөтүп, эчен кылымдык тарыхына үңүлүүгө түрткү берет. “Манас” – ар бир аялзатын сабырдуулукка, назиктикке, үй-бүлөгө камкор жана жанына батса жоодон тайманбаган Каныкей сымал баатырдыкка тарбиялап, оң жолго салчу улуу күч.
Мындан тышкары, качан биз Улуттук дух тууралуу сүйлөгөндө ал жалаң гана өтмүш менен гана чектелбесин, ал келечекти алдын ала болжоп туура кадам таштаганга, даанышмандыкка тарбияларын аңдашыбыз абзел. Анткени, кыргыз өзүн толук кандуу кыргыз сезсе, албетте эгер ал өзүн чыныгы кыргыздын жаранымын деген сезимде жашап, өлкөсүн чексиз сүйгөн инсандык парасаты бар болсо, анда ал эч качан Ата Мекенге кыянатчылык жасабайт.
* * *
Кыргыздын Улуттук духу – тээ өзөгүбүзгө сүңгүп кирип, анан андан оңдуу тыянак чыгарып алып, келечекке жол салуу! Бул биз үчүн өтө маанилүү. Болбосо азыркы ааламдашкан заманда бир улут бир улутту жөн эле жутуп койгондой, бир нече жылдар өтпөй кыргыз – кыргыз экенин унутуп, тегин таппай калат. Муну элестетиштин өзү оор?!
Ар бир кыргыз өзүнүн кыргыз экенине сыймыктанып, элдик мурастарды кастарлаганга үндөсүн!
Эмгекти сүйгөн, намыска ширелген, “Манасты” дилинде дайым ыйык туткан кыргыз – эч убакта өзүн жоготпойт. Өзүн да сыйлайт, өзгөнү да урматтайт.
– Улуттук дух – “жаратылышка болгон аяр мамиле”, сөздүн кыскасы, табиятка таазим этүү.... “эркиндикке умтулуу” жана “айкөлдүк” деген компоненттерден турган Улуу күч!