Улуттук банктын жаңы кампасында миң тоннага чейин алтын сактоого болот – президент

Экономика Загрузка... 28 Октябрь 2025 14:19
3.jpg
copyright icon Кабар

Бишкек, 28.10.25. /Кабар/. Улуттук банк эл аралык жогорку стандарттарга жооп берген, миң тоннага чейинки алтынды сактай ала турган эң чоң кампага ээ болууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Улуттук банктын жаңы имаратынын ачылыш аземинде билдирди.

"Дагы бир маанилүү жаңылыкты бөлүшө кетейин. Биз мурда алтынды сактоо жагынан аксап келдик эле. Шартыбыз начар болчу. Мындан ары Улуттук банк эл аралык жогорку стандарттарга жооп берген, миң тоннага чейинки алтынды сактай ала турган эң чоң кампага ээ болууда. Эми биз өзүбүздүн алтынды гана эмес, чет өлкөлүк кардарларга да кызмат көрсөтүп, алтынын сактап берүүгө кудуретибиз жетет!", - деди ал.

Ошондой эле президент Улуттук банктын ички түзүмдөрү жаңыланып, кибер коопсуздукту камсыз кылуу, банктык маалыматтарды коргоо, каржылык сабаттуулукту жогорулатуу багытында иш-аракеттер байма-бай болуп турушу зарыл экенин белгиледи.

"Эл аралык стандарттар менен улуттук кызыкчылыктардын ортосундагы тең салмактуулукту сактоо - башкы милдет!", - деди Жапаров.