Бишкек, 19.05.26 /Кабар/. Күн мурун, 18-майда Эл аралык музейлер күнүнө карата Улуттук банктын жаңы нумизматикалык музейинде Ачык эшик күнү өттү.
Улуттук банктан билдиришкендей, коноктор улуттук валютанын жаралуу жана өнүгүү тарыхы, банкнотторду жана монеталарды чыгаруу баскычтары, Улуу Жибек жолу өнүгүп турган мезгилде Кыргызстандын акча жүгүртүү тарыхына арналган экспозиция, ошондой эле Улуттук банк тарабынан 1995-2026-жылдар аралыгында чыгарылган нумизматикалык баалуулуктар менен таанышты.
Ачык эшиктер күнүнө 400гө жакын адам катышты.
Улуттук банктын нумизматикалык музейи иш күндөрү саат 10:00дөн 16:00гө чейин иштейт, 0 (312) 61-24-14; 0 (312) 66-90-15 (+1232; +1234) телефондору аркылуу же mail@nbkr.kg электрондук почта аркылуу алдын ала жазылууга болот.