Бишкектин Калыс-Ордо конушунда суу убактылуу өчүрүлөт

Коом 26 сентябрь 2026 09:51
Бишкектин Калыс-Ордо конушунда суу убактылуу өчүрүлөт
copyright icon WWW

Бишкек, 26.09.26. /Кабар/. 1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкектин Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.

Муниципалитеттин маалыматына караганда, өчүрүү ”Калыс-Ордо-1” жана ”Калыс-Ордо-2” суу топтомдорунда жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо-профилактикалык иштердин жүргүзүлүшүнө байланыштуу.

Мэрия шаар тургундарынан суу жетиштүү өлчөмдө камдап алууга чакырды.