Бишкек, 30.09.26. /Кабар/. Бишкектин Туңгуч кичи районундагы 9 кабаттуу курулуш объектисинде мыйзам бузуулар аныкталып, иштер убактылуу токтотулду.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, Туңгуч кичи районунун 36/1 дарегиндеги объектке текшерүү жүргүзүлгөн.
Анда котлован бекитилген долбоордук чечимдерден четтөө менен казылганы аныкталган. Бул жакын жайгашкан турак үйдүн пайдубалына зыян келтирүү коркунучун жаратып, коопсуздук талаптарынын бузулушуна алып келген.
Аталган факты боюнча жооптуу тарап — “МАЭК Строй” ЖЧКсына акт түзүлүп, 200 миң сом айып пул салынды.
Мындан тышкары, курулуш долбоордук чечимдерге жана белгиленген курулуш ченемдерине ылайык келтирилгенге чейин объекттеги иштер токтотулду.