Бишкектин айрым аймактарында 15-октябрда суу өчүрүлөт

Коом 12 октябрь 2026 18:00
Бишкектин айрым аймактарында 15-октябрда суу өчүрүлөт
copyright icon WWW

Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. Бишкектин айрым аймактарында 15-октябрда саат 10:00дөн 20:00гө чейин ичүүчү суу берүү токтотулат.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, суу диаметри 300 мм болгон түтүктө оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

Суу берүү Балтагулов, Юдахин, Алтымышев жана Бакаев көчөлөрү, ошондой эле Чыңгыз Айтматов проспектисинин батыш тарабы менен чектелген аймакта токтотулат.

Чектөө турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине тиешелүү.