Бишкек, 07.04.25. /Кабар/. Эртең борбор калаанын айрым жерлеринде суу өчүрүлөт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, эртең, 8 - апрелде саат 10:00дөн 24:00гө чейин төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта суу болбойт:
- Ала-Арча суусу- темир жол - Жибек -Жолу пр. - Ж. Гвардия бульвары;
- Ж. Гвардия бульвары - темир жол –Фрунзе көчөсү – Манас проспектиси;
- Д. Сяопин проспектиси - Ала-Арча суусу – Бөкөнбаев– Кулиев –Москва –Фучик–Казаков көчөлөрү.
Ичүүчү суу «Запад-2» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.
Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.