iDyikan: Фермерлер үчүн насыя алуу толук санариптештирилет

Коом 26 сентябрь 2026 12:10
iDyikan: Фермерлер үчүн насыя алуу толук санариптештирилет
copyright icon WWW

Бишкек, 26.09.26. /Кабар/. Кыргызстанда фермерлерди насыя алуунун толук онлайн форматына өткөрүү боюнча иштер башталды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул үчүн iDyikan платформасында фермердин бирдиктүү санариптик профили түзүлүп, керектүү маалыматтарды мамлекеттик системалардан автоматтык алуу каралууда.

Учурда платформа аркылуу фермерлер жеңилдетилген насыяга электрондук арыз берип, онлайн-кезекке туруп жана арызынын статусун көзөмөлдөй алышат. 15-апрелден бери "АБанкка" 762, "Элдик Банкка" 255 электрондук арыз жөнөтүлгөн.

Мындан тышкары, iDyikan аркылуу коммерциялык агрокредит, инвестициялык каржылоо жана айыл чарба техникасын лизингге алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү пландалууда.

Максат — фермерлер үчүн каржылоонун негизги түрлөрүн бир санариптик платформага топтоо.