Улуттук банктын кампасында 55 тоннага жакын алтын бар

Экономика 28 октябрь 2025 16:16
2874574.e809ae.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_2xT1JJe.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
2874574.e809ae.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_2xT1JJe.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
copyright icon Кабар

Бишкек, 28.10.25 /Кабар/. Учурда Улуттук банктын кампасында 55 тоннага жакын алтын сакталууда. Бул тууралуу аталган банктын төрагасынын орун басары Мэлс Аттокуров банктын жаңы имаратынын ачылыш аземинде билдирди.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн президент Садыр Жапаров жаңы имараттын ачылышы менен Улуттук банк эл аралык стандарттарга жооп берген өлкөдөгү эң ири кампага ээ болгонун баса белгиледи.

“Шарттар начар болчу, биз көп учурда алтындын корлорун чет элдик банктарда сактоого аргасыз болчубуз. Азыр Улуттук банктын карамагында өлкөдөгү эң ири алтын сактоочу жай бар, ал эл аралык стандарттарга жооп берет жана 1000 тоннага чейин алтын сактай алат. Мындан ары биз өзүбүздүн запастарыбызды коопсуз гана сактабастан, кардарларыбызга баалуу металлдарды сактоо кызматтарын да көрсөтө алабыз”, - деди президент.

Эске сала кетсек, ушул жылдын июнь айында Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев Жогорку Кеңештин жыйынында өлкөнүн алтын запасы 52 тонна экенин айткан.