Улуттук банк валюта рыногуна 81,5 млн доллар сатты

Экономика 16 сентябрь 2025 10:14
Улуттук банк валюта рыногуна 81,5 млн доллар сатты

Бишкек, 16.09.25. /Кабар/. 15-сентябрда Кыргызстандын Улуттук банкы ички валюта рыногуна жалпысынан 81,5 млн доллар сатты.

Финансылык жөнгө салуучу органдын маалыматы боюнча, бул сумманын 53 млн доллары бүтүм түзүлгөн күнгө карата эсептешүү менен, ал эми 28,5 млн доллары башка күнгө карата эсептешүү менен сатылган.

Бул 2025-жылдын башынан бери жөнгө салуучу органдын төртүнчү валюталык интервенциясы.

Эске салсак, буга чейин Улуттук банк улуттук валютанын курсун турукташтыруу максатында бир нече жолу доллар саткан.