Улуттук банк төлөм жүгүртүүнүн мамлекеттик классификаторун жаңылады

Экономика Загрузка... 18 Февраль 2026 16:21
2026-01-06_13-13-05.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 18.02.26. /Кабар/. Улуттук банк башкармалыгы "Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун" бекитүү тууралуу токтомго өзгөртүүлөрдү киргизди.

Финансылык жөнгө салуучу органдан маалымдашкандай, бул чечим өлкөнүн төлөм системасын заманбап талаптарга ылайык тартипке келтирүү максатында кабыл алынды.

Жаңы өзгөртүүлөр 2026-жылдын 16-февралынан тартып расмий түрдө күчүнө кирди.

Төлөм жүгүртүүнүн мамлекеттик классификатору — бул бардык банктык операцияларды, салыктарды жана которууларды системалаштыруучу негизги документ. Андагы өзгөртүүлөр:

  • төлөмдөрдүн статистикасын так жүргүзүүгө;
  • санариптик төлөмдөрдүн жаңы түрлөрүн эсепке алууга;
  • банктар ортосундагы эсептешүүлөрдүн ачык-айкындуулугун жогорулатууга шарт түзөт.

Кирешелер боюнча негизги өзгөртүүлөр:

Электрондук соода: Эми интернет аркылуу (мисалы, чет өлкөлүк сайттардан) товар сатып алганда алынуучу бажы алымдары үчүн өзүнчө код (11511100) кирди. Бул — онлайн сооданын өсүп жатканына байланыштуу.

Жер казынасын пайдалануу (лицензия): Мурда лицензия үчүн төлөмдөр бир эле код менен болушу мүмкүн эле. Эми ал так бөлүндү:

  • жергиликтүү бюджетке түшө турганы өзүнчө (14151200).
  • республикалык бюджетке түшө турганы өзүнчө (14151300) болду.

Жатаканалар: Офицерлердин үйлөрүндө же студенттик жатаканаларда жашагандыгы үчүн төлөнүүчү каражаттардын аныктамасы такталып, кеңейтилди.

Ошондой эле мамлекеттик чыгымдардын тизмесине айыл чарбасы үчүн абдан маанилүү эки жаңы код кошулду:

  • ветеринардык дарылар: Малдын ооруларын алдын алуу жана дарылоо үчүн вакцина, дезинфекциялоочу каражаттарды сатып алууга өзүнчө код берилди (22171500).
  • асыл тукум мал жана үрөн: Малдын тукумун жакшыртуу, жасалма асыл тукум малдын уругун же сапаттуу үрөндөрдү сатып алууга кеткен чыгымдар эми өзүнчө эсептелет (22171600).

Эскирип калган же зарылдыгы жок кээ бир категориялар тизмеден толугу менен алып салынды.

Токтомго ылайык, киргизилген жаңы өзгөртүүлөр менен шилтеме аркылуу таанышууга болот.